Өзүңдү дегдеп, өзүңсүз түндөр өтөт,
Өзүң деген кусалыктан соккон жүрөк бар дүйнөмдү дүрбөтөт!
Өзүңдү дегдейм карааныңа зар болуп,
Кайтып келчи, Карлыгачым, муңкандырбай
Мен кеттим дүйнөм тар болуп!
Нечен күн өтсө дагы, нечен нөшөр төксө дагы келбейсиң!
Не үчүн бир өзүң деп жүрсөм дале мен менен бир жүрбөйсүң?!
Күндөр өтөөр, айлар өтөөр, мезгил да кетээр дайнын таптырбай,
А мен болсо сүйөм сени, сүйөм сени, сенден күдөр үзбөймүн!